http://www.ktrk.kg/ Россиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцев Бишкек шаарына келди

Россиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцев Бишкек шаарына келди

28 Фев 2017 , 13:40 3049

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россия Федерациясынын Ички иштер министри Владимир Колокольцев Бишкек шаарына келди. Эл аралык “Манас” аэропортунан россиялык делегацияны Ички иштер министри Улан Исраилов тосуп алды. 

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн келиши, Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарына байланыштуу уюштурулган. 

Ички иштер министрлери эки мамлекеттин ортосундагы экстремизм, терроризм жана мыйзамсыз миграцияга, мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгө биргелешип каршы туруу, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты арттыруу маселелелерин талкуулашты. 

Ошондой эле жолугушунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылыкты пайда кылган жагдайлар, көз караштар жана маселелелер боюнча пикир алышуу жүрдү.



Новости по дате