http://www.ktrk.kg/Волейбол: бүгүн Улуттук Лиганын төртүнчү күндөгү оюндары өтөт

Волейбол: бүгүн Улуттук Лиганын төртүнчү күндөгү оюндары өтөт

28 Фев , 14:35 379

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Бишкекте волейбол боюнча мырзалар арасында Кыргызстандын биринчилигинин, Улуттук Лиганын төртүнчү күндөгү оюндары өтөт. Анда мелдештин лидери Ош бажынын "Ерем" командасы беш жолку өлкө чемпиону "Салам-Алик" командасы менен беттешет.

Оюн Бишкектин четиндеги Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Мелдеш 1-мартка чейин созулат. Анын жыйынтыгы менен улуттук курама командага оюнчулар тандалып, Мальдив аралдарында өтүүчү Азиялык чемпионатка катышат.

Ал эми Кожомкул атындагы спорт сарайында волейбол боюнча Жогорку Лиганын 10 команданын арасында беттештер өтүп жатат. 

Новости по дате