http://www.ktrk.kg/Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөш

Экстремизмге жана терроризмге каршы күрөш

13 Март 2017 , 14:00 3593

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Диний сабаттуулук жоюлбаган жерде, өлкө бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаралат. Андыктан бул багытта карапайым калкка кеңири түшүндүрмө берүү зарыл. Мындай пикирлер, Ош шаарында өткөн "Экстремизмге жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө ветерандардын орду жана ролу" аталышындагы семинарда айтылды. 

Баткен окуясынын ардагерлерине багытталган иш-чара «Ыйман» коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Башкы максат - жаштарды ар кандай терс агымдардын азгырыгынан оолактатуу, калктын диний сабатсыздыгын жоюу болду. 

Мындан сырткары, исламдагы баалуулуктар, маданият, тарых, ыйман, адеп-ахлак ынтымак туурасындагы баяндамалар жасалды. Баткен окуясынын катышуучулары, коомдук тартипти сактоодо жаш муунга үлгү катары, коомго зор салым кошуп келе жатканы да айтылды.

"Эң башкы максат: өлкөбүздүн биримдиги жана бүтүндүгү. Мына ушул баалуулуктарды камсыз кылууга албетте, келечек муундарыбызга жеткиликтүү билим беришибиз керек. Ошондо гана биз гүлдөгөн, тынч Кыргызстанды кура алабыз",- дейт Баткен окуясынын катышуучусу Закир Абдурасулов.

Новости по дате