http://www.ktrk.kg/А. Салянова УКМК тарабынан чет жакка чыкпоого милдеттендирилди

А. Салянова УКМК тарабынан чет жакка чыкпоого милдеттендирилди

14 Март 2017 , 5:35 1336

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 13-мартта Саляновага айыбы угузулуп, тиешелүү чечим кабыл алынганын Коопсуздук комитети билдирди. 

Жогорку Кеңеш депутаты, мурунку баш прокурор Аида Саляновага Юстиция министринин милдетин аткарып турган кезде 2010-жылы Максим Бакиевдин санаалашы Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген негизде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок, Салянова мыйзамды бузбаганын айтып, мындай айыпты четке кагып келет.


Новости по дате