http://www.ktrk.kg/Соттолгон адамдардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө

Соттолгон адамдардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө

15 Март 2017 , 4:02 29890

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Парламенттин профилдик комитети “Жарандардын соттуулугун аныктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүргөн” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Чиновниктер же эл өкүлдөрү соттолгондугу тууралуу маалымдаманы бир телефон чалуу менен алат. Бирок карапайым эл документ үчүн 10 күн чуркап, коррупциялык көрүнүштөргө да туш болууда дейт демилгечилер. Эми парламент колдоого алса, жарандарга бир катар ыңгайлуулук түзүлөт. Андан сырткары ИИМ тарабынан соттолгон адамдардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө. 

Кошумчалай кетсек, түзөтүүлөрдө жаран соттолгон адам болуп саналбай турганын далилдөө милдетин жарандан алып салуу да иши каралган.  Эске салсак, Орусияда  ишке орношо  турган жаранга  соттуулугу тууралуу маалымдама  алууга милдеттүү эмес. Ал эми  Монголия сыяктуу көпчүлүк өлкөлөрдө  бирдиктүү электрондук база түзүлгөн. Көпчүлүк учурда студенттерге чет өлкөдөн окуу үчүн документ тапшырганда бир катар мамлекеттер аталган маалымдаманы сурайт.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате