http://www.ktrk.kg/Укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн интерактивдик веб-картасы түзүлдү

Укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн интерактивдик веб-картасы түзүлдү

18 Фев 2016 , 3:26 883

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жарандарга укуктук жактан кызмат көрсөтүүчүлөрдүн интерактивдик веб-картасы түзүлдү. Анда Кыргызстандын аймагында жайгашкан мамлекеттик сот, прокуратура, милиция органдары жана өкмөттүк эмес уюмдар, юристтер, кризистик борборлор, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жеке менчик юридикалык фирмалар менен адвокаттардын даректери тууралуу маалыматтар камтылган. 

Укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн мындай маалымат базасы Кыргызстанда алгачкы жолу түзүлүп жатат. Негизги максат - жарандардын укуктук сабатын жогорулатуу жана аларга өз убагында жардам көрсөтүү.


Новости по дате