http://www.ktrk.kg/Терроризм көйгөйү олуттуу маселе бойдон калууда

Терроризм көйгөйү олуттуу маселе бойдон калууда

18 Фев 2016 , 11:35 32768

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Дүйнөдө терроризм көйгөйү эң олуттуу маселе бойдон кала берүүдө. Аны жеңүүдө талап кылынган бирдиктүү аракеттер кубаттуу өлкөлөрдүн саясий кызыкчылыктарынан улам аксап жатканы айтылып келет. Террордон чоочулоо бардык мамлекеттерде бар. Башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстан да коркунучтун алдын алуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жасап, күч түзүмдөрү менен калкта байланыш түзүлүүдө.

Коргонуусу кубаттуу делген өлкөлөр да террордон жапа чегүүдө. Париждеги, Анкарадагы кандуу окуялар бул маселе олуттуу экенин айтып турат. Каргаша кайсы күнү орун алаарын айтып болбойт. Көпчүлүктүн баамында бүгүнкүдөй шартта согушчандар дүйнөнүн башка бурчунда топтолуп турат деп аралыкка ишенүү чоң жаңылыштык. Ошондой эле мекендештерибиздин арасында алардын азгырыгына моюн сунгандардын арбып жатышы да тынчсыздандырат.

Террорчулук жалпы глобалдык көйгөйгө айланганын дүйнөлүк талдоочулар моюндап турат. Ал тургай айрым саясатчылар бул согуштун жаңы түрүнө айланабы деп чоочулайт. Терроризм-экстремизмге калктын азгырылбашы үчүн  Ички иштер министрлиги эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Эми мындай аракеттер кеңири масштабда башталып, ага министр өзү да катышууда.   Кыргызстандан Сирияга сапар тарткан 500дөн ашуун  жарандын айрымдары динге жамынган радикалдардын азгырыгына арбалса, майдан талаасына акча үчүн аттангандар да бар экенин айтат Ички иштер министри Мелис Турганбаев.

Агрессивдүү жолду тандоо бекеринен жаралбайт. Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлү Сергей Капинос радикалдашууга саясий-социалдык жагдайлар себеп экенин белгилейт.

Радикалдашууга, экстремизмге каршы турууда жаңылыштык  кылууга укугубуз жок. Ал чоң көйгөй жаратышы мүмкүн. Бардык социалдык процесс  өзүнүн таасирин көргөзөт. Алардын саясий-экономикалык жолдор менен чечүүгө  болот. Радикалдашууга натыйжылуу каршы туруу үчүн бийлик менен коом маселенин  түпкү себебин так түшүнүшү керек. Коомдогу структуралык өзгөрүүлөр көйгөйгө  себепчи болушу мүмкүн.

Буга чейин укук коргоо органдары Сирияга сапар тарткандардын, динге жамынган экстремизмге азгырылгандардын саны азайып жатканын айтышкан. Бул пикирге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев түшүндүрүү иштерин калк өзү өтүнүп жатканын айтат. Басаңдап калган көйгөйдү биротоло жоюлду деп түшүнүүгө болбойт. Эл менен иштөө токтоп калбашы керек.

Коопсуздук жаатындагы адис, УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Артур Медетбеков террорчулукка, экстремизмге каршы күрөшкө укук коргоо органдары гана эмес, жалпы коомчулук аралашса натыйжа берээрин белгилейт. Ал эми тиешелүү мекемелерден башка өлкөлөрдүн күч түзүмдөрү менен тыгыз кызматташуусу талап кылынат.

Ноябрь айында Экономика жана тынчтык институту эл аралык изилдөөлорүнүн жыйынтыгын чыгарып, ар бир өлкөдөгү террор коркунучтарына саресеп салган. Анда Кыргызстан 86-сапка жазылган эле. Рейтингдин сап башында Ирак, Сирия, Ооганстан өлкөлөрү бар. Акыркы ири жардыруулардан улам дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган Түркия 27-орунда. Көйгөйдү бирге жеңүү зарылчылыгы байма-бай айтылып турса да, азыр олуттуу кадамдар байкалбагандай.

Калыгул Асамбаев

Новости по дате