http://www.ktrk.kg/КТРКда  япон элинин сериалы кыргыз тилинде көргөзүлөт

КТРКда япон элинин сериалы кыргыз тилинде көргөзүлөт

27 Март 2017 , 9:37 2725

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук биринчи каналда 27-марттан тартып, япон элинин "Чеге гүлү" аттуу сериалы кыргыз тилинде которулуп көрсөтүлө баштайт. Аталган сериал  алгачкы жолу Япониянын NHK телеканалынан 2011-жылы көрсөтүлгөн. Көрөрмандар арасында кызыгуу жаратып, көрүмдүүлүгү жогорку көрсөткүчтү берген. 

Сериалда 3 баланын энеси, өз кезинде дүйнөлүк белгилүү дизайнерлердин катарында турган айымдын жашоосу көрсөтүлөт. 

Болгон окуядан алынган сериал ошол кездеги япон айымдарынын жашоосун сүрөттөп, көпчүлүк ишмердүүлүктө чек коюлуп, тоскоолдуктар болгонуна карабай  башкы каармандын көптөгөн ийгиликтерди багындырганын чагылдырган.



Новости по дате