"Жазгы маанайды бузду" деп, Ксения Толканева аттуу айым көчөдө чемичке чагып турган жарандын видеосун өздүк интернет желесине жүктөдү. 



Муну менен катар "Түкүрбө Не плевать" аттуу фейсбук баракчасы, жаратылышка эс алууга чыкканда, таштандыларды жерге калтырбай, тазалыкты сактоого чакырган билдирүүнү жазып чыкты. Анткени жаз мезгилинде, эс алууга чыккан жарандардын саны арбын болот. Андыктан аларды тазалыкка чакырды.