http://www.ktrk.kg/7-апрелде милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

7-апрелде милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

6 Апр 2017 , 11:13 3302

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгына карата боло турган иш-чаралардан улам, 6-7-апрель күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. 

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 7-апрелдеги иш-чаралардын жүрүшүндө айрым борбордук көчөлөрдөгү кыймылдарга чектөөлөр коюлат. Алдын ала профилактикалык ыкчам издөө иш аракеттерин жана коомдук саясий кырдаалдарга жол бербөө үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Мындан сырткары, шаардык ички иштер башкармалыгы кишилер көп жүргөн аймактан ар кандай шектүү жана белгисиз буюмдар байкалса аларга тийбей милицияга кабар берүү керектигин эскертет. 

Ошондой эле, Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгына карата өткөрүлчү иш -чараларга байланыштуу Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. 

Шопоков көчөсү - Киев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин;

Мурдагы "Нарын" ресторанынын аймагы;

Опера жана балет театрынын аймагы;

Тыныстанов көчөсү - Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин;

Эркиндик проспектиси - Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин;






Новости по дате