http://www.ktrk.kg/А.Атамбаев: "Адилет жана атаандаш шайлоо камсыз кылынсын"

А.Атамбаев: "Адилет жана атаандаш шайлоо камсыз кылынсын"

6 Апр 2017 , 8:14 784

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. 

Жолугушууда мамлекет башчысына өлкөдө шайлоо системасын өркүндөтүү, андан тышкары өткөн жылы шайлоо процессин өткөрүүдө аныкталган кемчиликтер менен шалаакылыктарды жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралу маалымат берилди. 

Нуржан Шайлдабекова мурдагы тажрыйбаны изилдеп чыккан Боршайком заманбап технологияларды колдонуу менен шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү сапатын андан ары арттыруунун натыйжалуу чараларына токтолду. Мамлекет башчы өлкөдө шайлоо системасын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн айтуу менен Боршайком таза шайлоолорду өткөрүүдө атаандаштык шарттарды камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш экенин белгиледи.


Новости по дате