http://www.ktrk.kg/Көчмөндөр оюндары - мамлекеттер аралык мамилеге шарт түзөт

Көчмөндөр оюндары - мамлекеттер аралык мамилеге шарт түзөт

22 Фев 2016 , 2:50 1800

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул күздө 2-дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Даярдык өз нугу менен жүрүүдө. Мындай ири иш-чараны өткөрүү үчүн тажрыйба жетиштүү. Анткени, буга чейинки өткөн көчмөндөр оюндары - бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурганы белгилүү. Оюндар спорттун дагы башка жаңы түрлөрү менен толукталды. Мурда 8 түрү боюнча оюн болсо, бул жолу алардын саны 15ти түзөт.

Ал эми уюштуруу жагына келе турган болсок, коноктор үчүн шарттар жакшырат. Көрүүчүлөр үчүн орундар 3000ге көбөйтүлөт. Авто-унааларды токтоочу жай, ошондой эле ат майданынын тышкы көрүнүшү дагы мурдагыга караганда жакшыраак болот!

Мурдагы жолкудай эле, маданий программа дагы каралган. Бул тууралуу азыр кененирээк маалымат жок. Бирок, бул күздө оюндардын ачылышы мурдагыдан кем эмес болорунан үмүттөнө туралы.

Көчмөндөр оюндарын өткөрүү - өлкөгө имидж алып келе турчу иш-чара. Ал - өзүнүн мазмуну менен уникалдуу. Анткени, улуттук спорт оюндары - көчмөн маданиятынын бир бөлүгү. Бул кийинки муунду өзүнө үндөй турган жогорку чеберчиликтин деңгээлин көрсөтөт. Ал болсо - ат жалында жүрүүнүн ыкмаларын, шамдагайлыкты, чыдамдуулукту жана дагы бир катар сапаттарды талап кылат. Бул сапаттар көчмөн элдердин улуттук оюндарында даңазаланат.

Кыргызстан - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - мамлекеттер аралык достук мамилелердин бекемделишине шарт түзөт деп ишенүүдө. Кененирээк Гүлнара Касымбекованын материалында:



Новости по дате