http://www.ktrk.kg/КТРКнын "Музыка" каналына  клиптерди алуунун жаңы талаптары

КТРКнын "Музыка" каналына клиптерди алуунун жаңы талаптары

22 Фев 2016 , 0:01 28809

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Урматтуу достор!


КТРКнын "Музыка" каналына клиптерди алуунун жаңы критерийлери иштелип чыкты! Бул талаптарды Музыка каналга клип тапшырууда колдонуп, сактооңуздарды суранабыз!

КТРК Музыка каналынын программасы менен бул жерден таанышсаңыздар болот http://www.ktrk.kg/music

КТРКнын "Музыка" каналына клиптерди алуунун талаптары:

1.Музыкалык шайкештик:

А: Жанрлар: КТРК «Музыка» телеканалында төмөнкү жанрларга уруксат берилет: Классикалык жана джаз музыкаларынын элементтери камтылган эстрада, этникалык жана фольклордук элементтер колдонулган эстрадалык ырлар, электрондук музыка, поп, рок, хип-хоп, RnB.

Б: Музыка: автордук оригиналга дал келген, телеканалдын тиешелүү жанрларына туура келген, обондуу, ритмикалуу болушу шарт.

В .Ырдын сөз мааниси,грамматикасы, уйкаштыгы жагынан жана сөздөрү музыканын маанисине дал келүүсү керек.

Г. Аткарууда ырдын вокалы, тембри, диапазон, артистик чеберчилиги эске алынат.

Д. Аранжировка: сабаттуу жазылган гармония, көлөмү, ыры жана ритми төп келүүсү зарыл.

Е: Жазылган ырдын сапаты: жогорку деңгээлде жазылган фонограмма көлөмү ылдыйкы, ортоңку жана жогорку жыштыктарга дал келип,  клипти монтаждоо үчүн wav форматындагы фонограмма пайдалануу керек.

2. Видеолордун көркөм шайкештиги:

А. Клиптин сюжети: ырдын маанисине сюжеттин туура келүүсү, 

Б. Эстетика: кадрлардын көркөмдүгү, көлөмү, режиссердук ой-толгоо, аткаруучунун жана катышкан актерлордун чеберчиликтери

В. Мааниси: алкоголду,тамекини ачык жана жабык түрүндө пропагандалаган клиптер кабыл алынбайт. Кадрдагы уят сөздөр, саясат идеологиясын пропаганда кылгандар, дин, зомбулук жана эктремисттик мүнөздөгү кадрлар да  эфирден кетпейт.

Г. Монтаждын жасалышы: сапатсыз жасалган кадрлар, туура эмес түзөтүлгөн түстөр эфирге жайгаштырылбайт.

3. Видеонун техникалык шайкештиги:

А. Full HD форматында

Б. 1920/1080 ченеминде

В. Авторлору: сөзсүз түрдө ырдын сөзүнүн жана обонунун авторлору көргөзүлүшү керек.

Г. Кабыл алынбайт: видеокадрдагы толук жана айрым плагиаттык кадрлар, даана жана жашыруун жарнамалар (илинген такталар, плейсмент, башка компаниялардын логотиптери жана аталыштары, ырдын же аткаруучунун аты жазылган кадрлар (анткени бул нерсе “Музыка”телеканалынын плашкасына жазылат).

4. Видеоклиптер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана КТРКнын редакциялык саясатына дал келүүсү керек.

Новости по дате