http://www.ktrk.kg/Аярлуу катмарга аярлуу мамиле зарыл

Аярлуу катмарга аярлуу мамиле зарыл

18 Апр 2017 , 11:26 28942

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Совет доорунда коомдун аярлуу катмарындагы адамдар атайын мекемелерде жашаган. Коом менен мамиледе болушкан эмес. Ошондуктанбы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коомдогу мамиле терс көз карашта калыптанып калган. Балким, кээ бирибиз аларга кандай мамиле жасоону билбейбиз. Аярлуу катмар дагы теӊ укукта жашоого акылуу. Ошол себептен 2011- жылы экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары боюнча ООНдун конвенциясына кол коюлган. Ал эми конвенция парламент тарабынан ратификацияланышы керек. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул ишке ашпай келет.

Бул маселе боюнча «Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү» фондунун жетекчиси мүмкүнчүлүгү чектелген Толкунбек Исаков: «Азыркы күндө аярлуу катмарга коомдо жашоого ыӊгайлуу шарттар жок. Мыйзамдар көп бирок аткарылбайт. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарадарга биздин коомдо жашоо оӊой эмес. Себеби алар өз алдынча көчөлөрдө, коомдук транспотто жүрө алышпайт. Жумушка орношуп иштей албайт. Мындан тышкары дагы көптөгөн маселелер бар. Эгер конвенция ратификацияланса, биздин укуктарды коргой турган мыйзам болот эле. Улам-улам жетекчиликтин алмашышы да ишке тоскоолдук алып келет».

Конвенция ратификациялан учурда деле баардык жакшы болуп кетерээрине күмөн санагандар да бар.

Статистикалык маалыматка ылайык, өлкөдө каттоодон өткөн 178 миӊ мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт.

Жеңишгүл Тоголокова


Новости по дате