http://www.ktrk.kg/Баткенде Айгүл гүлү ачылды

Баткенде Айгүл гүлү ачылды

18 Апр 2017 , 16:56 2701

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ар жылы апрель айында ачылган гүлдү көрүү үчүн аймакка ички жана чет элдик туристердин агымы башталды. Кыргызстандыктардын гана эмес, чет элдик коноктордун да кызыгуусун арттырган керемет жер жергиликтүү бийлик тарабынан камкордукка алынып жатабы? 

"Айгүл-Таш" ботаникалык коругуна кирген биринчи эле эшиктен баштап гүлдү кантип сактоо жана аны кантип өстүрүү тууралуу эскертмелер жазылган. Бирок, коруктун айланасына кирүү үчүн 16 жашка чейинкилер 10 сом, андан жогорку жаштагылар 20 сомдон акы төлөшөт. Таштандыларды таштоочу атайын идиштер коюлган. Мында темир таштандылар, айнек таштанды, тамак-аш калдыктары, пластик жана кагаз таштандылар үчүн өз өзүнчө идиштер коюлган.
Бирок, Айгүл гүлү өскөн тоо боорунда таштандыларды көрүүгө болот. Аны аймакка келгендер эмес корукта иштеген токой кызматкерлери тазалап турушат. Гүлдү көргөнү келген конокторго корукта жүрүм-турум эрежелерин эскертип турушат.
Бул жылы ички туристердин саны арбын. Айгүл ачылгандан баштап бир күндө ботаникалык коруктун аймагына миңге жакын адам келет. Ошондой эле, чет өлкөдөн атайын келгендер да бар. Улуу Британиялык Кристофер Гарнер Айгүл гүлүн сүрөткө тартканы келген. Гүлдүн кооздугун айтып, келерки жылы чет өлкөлүк ботаниктерди чакырып, Кыргызстандын аймагындагы тоо гүлдөрүн көрсөтөм,- дейт.
"Менин кесибим ботаник. Кыргызстан гүлдөрү тууралуу сүрөттөр жыйнагын даярдап жүрөм. Аны менен ботаникалык топ түзүп, Кыргызстандын бардык гүлдөрүн көргөзүүгө аракет кылам. Баткенде мен издеген гүлдөрдүн көп түрү бар экен",- дейт Улуу Британиялык турист Кристофер Гарнер.
Айгүл гүлү Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген. Бирок аны үзүп ыргыткандар же тамырын алып кеткендер да бар. Айгүлдү корукка алган мектеп окуучулары жана мугалимдер мындай көрүнүшкө нааразы болушат.
Айгүл-Таш ботаникалык коругу негизделгенден тарта токойчулар гүлдүн уругун төмөн жактарга себишип, анын папуляциясын көбөйтүү аракеттери көрүүдө. Жергиликтүү тургундар келечекте чоң киреше алып келген туристик жайга айланаарына терең ишенишет.
"Айгүл-Таш" мамлекеттик коругунун жалпы аянты 254 гектар. Анын аймагына мөмө берүүчү жана көп жылдык бак-дарактар да отургузулган. Гүлдү көргөнү келгендер үчүн тоо бооруна тепкич курулган.


Новости по дате