http://www.ktrk.kg/ЖК: “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору демилгеледи

ЖК: “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору демилгеледи

21 Апр , 15:53 8772

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Парламент “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору демилгеледи. Ал Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында каралып, мыйзам долбоору 1-окууда талкууга алынып, добуш берүүгө жиберилди.

Демилгечилер мыйзам долбоору Акыйкатчынын көз карандылыгын камсыздоого багытталарын айтышууда.

Мыйзам долбоорун колдогон депутаттар менен кошо, анда Баш мыйзамга карама-каршы келген жагдайлары бар экенин белгилегендер да чыгышты.

Мыйзам долбоорун депутат Жанарбек Акаев колдойт. Анын пикиринде Акыйкатчы институту кандайдыр бир күчтөргө көз каранды болбошу керек, болгону аны тандоодо жаңылбоо зарыл. Жыйынтыгында жаңы мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзам 2002-жылы кабыл алынып, 8 ирет өзгөргөн.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"


Новости по дате