http://www.ktrk.kg/Аскер адамы болуу оңой эмес

Аскер адамы болуу оңой эмес

24 Фев 2016 , 11:20 3203

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаштайынан Мекенди коргоого бел байлап, аскер кызматынын ысык-суугуна күйгөн азаматтардан уучубуз куру эмес. Алардын катарында Азамат Каныбеков да бар. Ал 17 жашында аскердик окуу жайга тапшырып, аны аяктаган соң, Мекенине кызмат өтөөдө. 

Азамат Орусиядан артилерия атуу боюнча чоң тажрыйбага ээ болгон. Ал 1999-2000-жылдары Баткен окуясына катышып, “Мыкты аскердик кызматы үчүн” 1 - даражадагы медалга ээ болгон. Андан тышкары жаштарды патриоттуулукка тарбиялагандыгы үчүн Орусиянын дагы медалын алган.

Ош шаарындагы 92840 артилериялык аскер бөлүгү ачылганына бир жылга чукулдап калды.Ага Азамат Каныбеков командир болуп дайындалган. Жаңы келген жаш жоокерлерге күндө тарбия берүү менен алек. Өзү бул кесипти тандап алганына өкүнбөйт.




Новости по дате