http://www.ktrk.kg/Айгүл гүлүн үзгөн кыз кандай айыпка тартылат?

Айгүл гүлүн үзгөн кыз кандай айыпка тартылат?

3 Май 2017 , 9:53 820

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну бир кулач Айгүл гүлүн үзүп алып түшкөн сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялап, интернет колдонуучулардын катуу сынына кабылды.

Бул кылганын жаман иш катары эсептебеген кыздын пикирине караганда, үзгөн гүлү кызыл китепке кирээрин жана айып пул төлөнөөрүн билген. Айгүл гүлү баарына жетерин, каалоочуларды гүл чогулткан жерине алып барып келерин дагы жазган. 

">

Айгүл гүлү - Баткендин Айгүл таш тоосунун тескей тарабында өсөт. 1978-жылы СССРдин кызыл китебине, 2004-жылы Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген. Боюнун бийиктиги 1,5 метрге чейин жетет.  Аянты 300 гектар «Айгүл коругунда» азыр гүл корулуп, көбөйтүлүүдө. Айгүл гүлүн үзгөндөргө бир даанасына 4500 (төрт миң беш жүз) сом айып салынат.  

Апрель айында гүлдөп, гүлү 10-15 күндөй сакталып турат. Айгүл гүлүнүн илимий аталышы – Эдуарддын чаар гүлү. Баткенден тышкары Иран, Ирак, Гималайда, Түркиянын түштүк-чыгы­шын­да, Ооганстанда өсөт.


Новости по дате