http://www.ktrk.kg/С.Жээнбеков жетекчилерди сынга алып, айрымдарын кызматтан четтетүү талабын койду

С.Жээнбеков жетекчилерди сынга алып, айрымдарын кызматтан четтетүү талабын койду

3 Май 2017 , 3:54 8218

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 29-апрелден бери түштүк жергесинде кооптуу аймактардагы жана ал жерлерден көчүрүлүп, убактылуу чатырларда жашап жаткан жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын бир топ көйгөйлүү маселелерин укту. Жыйынтыгында министрлер кабинетинин бүтүн курамы менен онлайн түрүндө селектордук жумушчу кеңешмесин өткөрдү. 

 Анда, өз ишине көңүл кош мамиле жасаган каржы министрлиги менен, энерго холдингдин, саламаттыкты сактоо жана билим берүү министрликтеринин ишин катуу сынга алып, айрым мекеме ишканалардын башчыларын тез арада кызмат ордунан четтетүү талабын койду.

Мына ушундай табигый кырсыктардын алдын алууда кооптуу аймактардагы тургундарды өз убагында башка коопсуз жерлерге көчүрүүдө өзгөчө кырдаалдар министрлиги солгун иш алып барып жатканын өкмөт башчы катуу сынга алды. Озгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарга эскертүү берүү менен эле чектелип калган. Алдын-алуу, түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргөн эмес.


Жыйында өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана болуп өткөн кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштеринин кечеңдеңдешине өлкөнүн каржы министрлигин таасири чоң экени айтылды. Анткени, дал ушул жумуштарды аткарууга сарпталуучу акча каражатын өзгөчө кырдаалдар министрлиги төрт айдан бери ала албай жатыптыр. Жыл башынан бери бир нече өкмөттүк жыйын өтүп, акча каражатын бөлүүнү кечиктирбөө тапшырмасы коюлганына карабай, каржы минисрлиги акча которууну азыркыга чейин создуктуруп келет.

Премьер-министр Жалпак-Таш айыл аймагындагы калктын 11 күнгө чейин электр жарыгысыз отурууга мажбурлаган Энерго Холдингдин жетекчисин катуу сынга алды. Чукул кырдаалда ыкчам аракетке келбей, өз кызматына кайдыгер мамиле кылып, элет турмушун оорлотуп жаткан кызматчыларды ээлеген жумуш орунунан четтетүү талабы коюлду.

Кырсык болуп жаткан аймактарга келип, жеринен кабар албаган саламаттыкты сактоо жана билим берүу министрликтеринин жетекчиликтери да сынга кабылды. Жалпак-Таштагы орто мектепте учурда сабак токтотулган. Мектеп жетекчилиги балдар кайда, кантип окутушаарын билбей турушат. 


Новости по дате