http://www.ktrk.kg/Президентке улуттук коопсуздуктун абалы тууралуу маалымат берилди

Президентке улуттук коопсуздуктун абалы тууралуу маалымат берилди

4 Май 2017 , 9:34 2603

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысына улуттук коопсуздуктун абалы жана коопсуздукту андан ары бекемдөө чаралары тууралуу маалымат берилди. 

Темир Жумакадыров президентке коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана укук коргоо органдарындагы реформалар боюнча айтып берди. 

Алмазбек Атамбаев ички иштер органдарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу стратегиялык маселелер менен катар - жол коопсуздугун сактоо, жол кырсыктарынын санын кыскартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуунун зарылдыгын айтты.


Новости по дате