http://www.ktrk.kg/С.Жээнбеков Бурана дарыясынын абалынан кабар алды

С.Жээнбеков Бурана дарыясынын абалынан кабар алды

10 Май 2017 , 2:58 1731

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүйдөгү Бурана дарыясынын деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул үчүн селден сактоочу ири жай куруу зарыл. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы иш-сапарында тиешелүү мекемелерге бул багытта сунуштарды даярдоону тапшырды. Адистер аталган дарыядан суу капташы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Өкмөт башчы андагы тазалоо иштери менен таанышкандан кийин жер титирөөдөн зыян тарткан Арпа-Тектир айылына да барды.

Мөңгүлөрдүн эриши дарыядагы суунун көлөмүнүн көбөйүшүн шарттады. Бул эң ириде 3 миң гектар аянттагы айдоо жерин бүлгүнгө учуратышы мүмкүн. Тазалоо иштери жүргөнү менен абал толук жоюлуп калган жок.
Өкмөт башчысы тиешелүү мекемелерге 200 миң кубометр сыйымдуулуктагы селден сактоочу жайды куруу боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды. Жээнбеков ошондой эле тазалоо иштеринин мезгил-мезгили менен жүргүзүлүшү жакынкы аймактарда суу ташкындоо коркунучун азайтат.

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Бурана дарыясынын абалынан кабар алуу менен эле чектелген жок. Апрель айынын соңунда жер титирөөдөн улам мектептин бир бөлүгү зыянга учураган Арпа-Тектир айылына да баш бакты. Ага карабай окуучулар билим алууну улантышууда. Эң жакын мектепке чейинки аралык 5 чакырымды түзөт.

Премьер-министр бул мектепти калыбына келтирүү үчүн быйылкы жылдын республикалык бюджетинин капиталдык салымдар беренесине кошууну тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айылдагы табият кырсыгынан зыянга учураган үйлөр боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп, чыгашалардын категорияларын аныктайт. Жээнбеков ошондой эле жергиликтүү тургундарга кайрылып, үйлөрүн камсыздандыруу зарылчылыгын эскертти.



Новости по дате