http://www.ktrk.kg/Балдардын жолдогу коопсуздугуна арналган акция башталды

Балдардын жолдогу коопсуздугуна арналган акция башталды

15 Май 2017 , 7:45 1759

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында балдардын жолдогу коопсуздугуна арналган он күндүк акция башталды. Жарандык коом өкүлдөрүнүн демилгеси менен өтүп жаткан иш-чара, 15-майдан 25-майга чейин уланат.

Өнөктүк соңку күндөрү балдарды машине коюп кеткен окуялар көп катталгандыктан улам уюштурулууда. Акыркы коңгуроого чейин, мектептерге жакын жерлерде колуна кызыл желекче кармаган ыктыярчылар, окуучулардын жолдон нары-бери өтүшүнө көмөктөшөт. Андан тышкары, мугалимдер дагы майда класстагы балдардын жолдон өтүү тартибин көзөмөлдөйт. 

Бишкекте соңку күндөрү балдарды мектепке бараткан же, кайткан учурда машине коюп кеткен окуялар көп катталууда. Айрымдары жеткинчектердин өлүмү менен аяктады.




Новости по дате