http://www.ktrk.kg/Элдик Репортер: тротуарга унаасын токтоткон кызматкерге ким чара көрөт?

Элдик Репортер: тротуарга унаасын токтоткон кызматкерге ким чара көрөт?

16 Май 2017 , 11:30 7408

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек финансы-экономикалык академиясынын алдында (Чүй-Жаш Гвардия) мамлекеттик номурдагы унаа жарым жылдан бери тротуарда токтоп, жөө жүргөн адамдардын басышына тоскоолдук жаратып келет. Бул тууралуу Элдик Репортерго КТРК сайтынын окурманы кабарлады. Анын жазганын оңдоосуз беребиз.

"Мамлекеттик номурдагы унаанын тротуарда токтотулуп турганын жарым жылдан бери көрүп жүрөм. Биринчиден, бул нерсе жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратат. Экинчиден, мамлекетке чыгым келтирет. Анткени, брусчаткалар унаага эмес адамдын басышына эсептелип салынган. Үчүнчүдөн, жол эрежесине да туура келбейт. Буга МАИ кызматкерлери чара көрөбү? Же ушул көрүнүш улана береби?" 



Новости по дате