http://www.ktrk.kg/Кара-Кулжа дарыясынын деңгээли көтөрүлүүдө

Кара-Кулжа дарыясынын деңгээли көтөрүлүүдө

18 Май 2017 , 11:22 1831

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа дарыясы кирип, Биринчи май айылынын Булбул чегиндеги дамбанын бир бөлүгүн бузуп кетти. 

Дамбанын башка бөлүгүн жырып кетүү коркунучу пайда болгондуктан тиешелүү адистер азыр жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүүдө. Ал эми 17-майда жааган жамгырдан улам, Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Миңжыгач сайы аркылуу сел жүрдү. Жыйынтыгында Исфана - Гордой - Миң-Жыгач - Айбике жолунун 16-19-чакырымдарынын аралыгын сел калдыктары басып, унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жаралган. 

Ошондой эле 450 метр аралыктагы ички арыктар сел калдыктарына толуп, кээ бир жерлери бузулган. Адам өмүрүнө жана турак үйлөргө зыян болгон эмес. Учурда жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Гидрометеорология агенттигинин маалыматына таянып 18-19-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөрүн, жаан катуу жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымалдыгын эскертет.


Новости по дате