http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: "Ылдамдык сакталбагандыктан дагы бир адам унаа алдында калды"

Элдик репортер: "Ылдамдык сакталбагандыктан дагы бир адам унаа алдында калды"

19 Май 2017 , 10:27 7068

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, Айбек Баратов аттуу коомдук активист фейсбуктагы өзүнүн жеке баракчасына Жаш Гвардия жана Жибек-Жолунун кесилишинде катталган жол кырсыгынын видеосун жайгаштырган.  Анда жөө адамдар өтүүчү жол сызыктан өтүп бара жаткан жаш кыздын  унаага катуу сүзүлгөнү тартылып калган.

Видеодо жөө адамды өткөрүүгө жол берген ак түстөгү жеңил унааны, катуу ылдамдыкта келе жаткан Mercedes-Benz Sprinter  үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөндө, ал сүрүлүп барып өтүп бара жаткан жаш кызды коюп кеткен.

Интернет булактарындагы маалыматтарда окуянын 19-майда эртең менен катталганы айтылууда.




Новости по дате