http://www.ktrk.kg/"Баластан" каналы балдарды кубанычка бөлөдү

"Баластан" каналы балдарды кубанычка бөлөдү

25 Май 2017 , 14:12 2984

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-Июнь Балдардын эл аралык коргоо күнүнө карата Баластан каналы тарабынан, балдарды кубанычка бөлөгөн майрамдык иш –чара уюштурулду. Аталган иш-чарага Беловодскидеги психо неврологиялык балдар үйү жана Чүй районундагы жетим балдар интернатынан 100гө жакын балдар келип катышты.

Бул күнү   балдар  Ташрабаттын  3-кабатындагы  оюн аянтчасында  ойноп,  көнүлдөрү куунак  жүрүштү. Андан  сон  концерттик  программа  башталып  балдарды  куттуктап  белгилүү эстрада   ырчылары келишти. 

Мындан  тышкары   балдарга  демөөрчүлөр тарабынан  эки  телевизор, оюнчуктар,  бал муздак, суусундук жана  ысык  тамак  берилип, аягында  жол кайгуул  кызметкерлеринин коштоосунда эки  автобус  менен  балдар  үйүнө жеткирилди.



Новости по дате