http://www.ktrk.kg/Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу тобунун жолугушуусу өттү

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу тобунун жолугушуусу өттү

28 Май 2017 , 14:50 2848

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абадда 21-26-май күндөрү кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Өзбекстандык делегациянын курамы 23 адамдан туруп, ага чек ара боюнча адистер жана Кыргызстан менен чектеш үч облустун жетекчилеринин орун басарлары кирди. 

Жумушчу топ талаштуу тилкелерди жеринде көрүп, тактоо иштерин жүргүзүштү. Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустары менен чектеш аймактарда изилдөө иштери жүрүп, топографиялык сүрөттөр тартылды. Эскерте кетсек, Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 324 чакырымы такталып бүтө элек.


Новости по дате