http://www.ktrk.kg/Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгы белгиленүүдө

Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгы белгиленүүдө

29 Май 2017 , 7:38 3804

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө 25 жыл толду. Буга карата уюштурулган майрамдык салтанат Улуттук филармонияда өтүп, ага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышты. 

Кыргыз куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы катары президент жалпы аскер кызматкерлерин бүгүнкү майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө ал ар кандай коркунучтардан коргоодогу кыргыз армиясынын ролу тууралуу пикирин билдирди. Алмазбек Атамбаев акыркы 6 жыл ичинде аскер тармагында ири реформалар жасалганын, кызматкерлерди социалдык жактан коргоо, турак жай менен камсыз кылуу колго алынганын, ошондой эле армияны курал-жарак жагынан күчтөөдө чоң өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. 

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар офицерлер “Даңк” медалы менен сыйланышып, айрым кызматкерлерге президент тарабынан кол сааттар тапшырылды. Кыргыз армиясы 1992-жылы кайрадан кыргыз Куралдуу күчтөрү болуп түзүлүп, ушул эле жылы 29-майда бул күндү майрам катары белгилөө чечими кабыл алынган.



Новости по дате