http://www.ktrk.kg/Брюс Линин ыкмаларын өзгөчө чеберчиликте аткарган Нурмухаммед

Брюс Линин ыкмаларын өзгөчө чеберчиликте аткарган Нурмухаммед

29 Май 2017 , 7:50 9621

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык дагы бир жаш талант,  Россиянын белгилүү теледолбоорунун көркүн ачып келди. 7 жаштагы каратэ чебери Нурмухамед Ташмаматов катышкан эфир кечээ 28-майда  1 каналдан көргөзүлдү. 

Анда, Брюс Лининин ыкмаларын өзүндөй туураган Нурмухамеддин чеберчилигине, долбоордун автору жана алып баруучусу Максим Галкин жогорку баа берип, катышуучуларга  атайын даярдалган медалды ыйгарды.

Көрсөтүүгө өзгөчөлөнгөн өнөрлөрү менен айырмаланган 3-13 жашка чейинки балдар тандалып алынат. 

Эскерте кетсек, буга чейин аталган көрсөтүүгө кыргыз жергесинен "Кара жорго" жана башка бийлерди катыра бийлеген эгиз кыздар Айпери, Нурпери Тургуналиевалар катышып келишкен.

 

Новости по дате