http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

31 Май 2017 , 2:31 1965

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Буга багытталган Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун бүгүн парламент үчүнчү окууда кабыл алды. Ошондой эле жаңы мыйзам байкоочулардын макамын, шайлоо босогосун, жана талапкерлер тарабынан күрөөгө коюлуучу каражаттын көлөмүн аныктады. Эми мыйзамга президент кол коюп, ал расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

 Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесинде буга чейин президенттик шайлоонун мөөнөтү кызуу талкууга түшүп келген. КСДП фракциясынын сунушу менен шайлоо ноябрдын эмес, октябрдын үчүнчү жекшембиси деп өзгөртүлгөн. Бүгүн жыйында дата боюнча көп деле суроо жаралган жок, айрым депутаттар өздөрүнө ылайыктуу болгон маселелерге жооп алып калууга аракет жасашты.

Жаңы паспорттор кемчиликтен мурун көп артыкчылыктарга ээ экенин башка депутаттар белгилеп өтүштү. Өзгөртүүлөрдөгү дагы бир норма, шайлоо учурунда байкоочулардын иш алып баруу тартиптерин иретке келтирүү болууда. Айрым жарандык коомдун өкүлдөрү айтып жаткандай жаңы мыйзамда байкоочулардын укуктарын чектөөчү эч кандай белгилер жок.

Конституциялык мыйзамда шайлоо босогосу 7 ден 9 пайызга чейин жогорулап жатат. Бирок бул норма 2020-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет. Демилгечилер бул боюнча да суроолорго жооп беришти.
Негизи бүгүн мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул баскычта эч бир талкуу, сунуш киргизүүгө регламент боюнча тыюу салынат. Буга чейин эки окууда узак талкуулар жүргөн, андыктан айрым депутаттар мыйзамдын жалпы маанисине карап талдоо сунушун киргизишти.

Жаңы мыйзам боюнча шайлоо алдында талапкерлер коюучу күрөөнүн көлөмү аныкталып, ал 100 миң сомдон миллионго чейин көтөрүлдү. Өзгөртүүлөрдү жыйынга катышкан 115 эл өкүлүнүн 109у колдоду.



Новости по дате