http://www.ktrk.kg/Ата-энелери бар туруп, балдар үйүндө жүргөн жеткинчектер көбөйдү

Ата-энелери бар туруп, балдар үйүндө жүргөн жеткинчектер көбөйдү

31 Май 2017 , 2:40 2509

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ата-энелери бар туруп балдар үйлөрүндө багылган жеткинчектер көбөйдү. Өкмөт аларды өз үйлөрүнө кайтарууну демилге кылууда. Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлап аларды бийлик өкүлү куттуктады. 

Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 120 бала тарбияланууда. Аларга бул жайдын кызматкерлери, мугалимдери мээрим төгүп, ата-эненин ордун толуктаганга бар-күчүн жумшап жатышат. 1-июнь мындагы балдардын көптөн күткөн майрамы.


Биз баш баккан экинчи жай Бишкектеги адистештирилген балдар үйү. Анда медициналык жардамга муктаж балдар тарбияланат. Көпчүлүгү аз кандуулуктан жабыркаган. Бирок, аталган жайда тарбияланып жатышканынын башкы себептери башка.

Бөбөктөрдүн майрамын утурлап жогоруда аталган балдар үйлөрүнө вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова барды.  Кароосуз калган балдарга камкордук көрүлүүдө. Баары жетиштүү. Тиешелүү билим, тарбия берилип жатат. Бирок, эң керектүү болгон ата-эненин мээрими жетишсиз. Өкмөт шартка шылтап балдар үйлөрүнө кайрылууну туура көрбөйт.
Жайдын алгачкы күнү гана эмес, балдар үчүн ар бир күн майрам болсо деген улуулардын тилеги.




Новости по дате