http://www.ktrk.kg/"Лучше всех" көрсөтүүсүнө катышып келген,  өнөрлүү  Нурмухаммед

"Лучше всех" көрсөтүүсүнө катышып келген, өнөрлүү Нурмухаммед

31 Май 2017 , 2:37 2371

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул жылдын апрель айында, Москвадагы "Лучше всех" деп аталган Максим Галкиндин балдар тууралуу телешоусуна Кыргызстандан 7 жашка толо элек мекендешибиз Нурмухаммед Ташмаматов катышып, Брюс Линин ыкмаларын аткарып берип, залда отурган көрүүчүлөрдү таң калтырган. 

Кез-кезде атасы экөө калаадагы спорттук аянтчага да барып, машыгып турушат.
Асылбек Урманов, Нурмухаммеддин атасы 

“Брюс Линин ыкмаларын үйрөтөм деген ниет деле жок болчу.Бир күн карасам, жыгачтан таякча жасап, ойноп жүрүптүр.Кийин мага ушундай алып келип берин деди.Анан мен сатып алып берип,үйрөтүп баштадым.Бул уулумунун өзүнөн чыккан талант болду.Анан бат эле өздөштүрүп кетти.”
Нурмухаммеддин мүнөзү токтоо, көп деле сүйлөбөйт. Бир сөз менен айтканда,өзүнө жакпаган суроосуна жооп бербей деле коет. Ал эми Брюс Линин мындай ыкмаларына анын тасмаларынан көрүп,кызыгып калган.


Ал эми Максим Галкиндин "Лучше всех" теле долбооруна конок болуп калганын себеби, буга чейин Нурмухаммеддин атасы уулунун ар түрдүү аткарган ыкмаларын Нурмухаммеддин интернеттеги одноклассники баракчасына жүктөп турган. Ал жака жүктөлгөн видеолору Нурмухаммедди "Лучше всех" шоусуна катышуусуна өбөлгө болгон.
Эске сала кетсек, Нурмухаммед "Лучше всех" теле долбооруна апрель айынын ортосунда барып катышып, Брюс Линин ыкмаларын өтө шамдагайлык менен аткарып берип,көпчүлүктү таң калтырган.

Эми гана жети жашка келген Нурмухаммеддин таланты күч. Ал 3 жылдан бери каратэнин шотокан түрүнө катышып,облустук жана республикалык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.Азыры учурда сары курдун ээси.



Новости по дате