http://www.ktrk.kg/Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө болду

Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө болду

1 Июнь 2017 , 15:27 2472

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө болду. Өлкө башчы анда онкологиялык жана гемотология оорулары менен жабыркаган балдарды майрамы менен куттуктады.  

Мында президент балдарды дарылоонун шарттары менен таанышып, онкология бөлүмүндөгү палаталарга кирип, балдар жана алардын ата-энелери, ошондой эле оорукананын жамааты менен маектешти. Өлкө башчы өз сөзүндө оор дартка чалдыккан балдарды дарылоо шарттарын мындан ары да жакшыртуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи. 

Ошондой эле, өлкө башчы Улуттук онкология борборунда толугу менен оңдоодон өткөн ички жана амбулатордук-диагностикалык дарылоо бөлмөлөрүнүн ичи менен таанышып, балдарды тез айыктыруу жана дары дармектер менен камсыз кылуу маселеси өз убагында чечилиши керек деп белгиледи.



Новости по дате