http://www.ktrk.kg/Жети жашар Эрмектин баяны коомчулуктун жардам берүү сезимин ойготту

Жети жашар Эрмектин баяны коомчулуктун жардам берүү сезимин ойготту

1 Июнь 2017 , 21:52 11760

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шаардагы балдар негизинен базарларда араба айдап же унаа жууп иштешет. Социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, мыйзам боюнча балдар ата-энесинин макулдугу менен 14 жаштан кийин гана жумушка орношо алышат. Министрлик иштеп акча тапкан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн санын аныктоо аракетинде.

Ошол эле маалда көчөдө шардан жасалган гүлдөрдү саткан жети жашар Эрмектин баяны коомчулукта жардам берүү сезимин ойготту. Колуна шардан жасалган гүлдөрдү кармап, ары бери өткөндөргө сунуштаган Эрмек 7 жашта. Азыртан эле бир мүнөздүү ал бир гүл үчүн 20 сомдон ашыкча акча албайт. Бугун 5 гул алып чыгып, майрам үчүн аны сатып алчулар бат эле чыгышты. Өзүн сүйүнткөн Эрмек көптөн бери ушул күнү гана балмуздак сатып жеди.

Албетте, ар кимдин тагдыры ар кандай. Кичинесинен эмгекке бышып, нандын баасын жашынан билүү келечекте пайдасын берип, бул балдардан мыкты инсандар чыксын деп үмүт кылалы. Анткени, коомго пайда алып келген атактуу адамдардын көбү эмгекти жашынан баштагандар экени белгилүү. 



Новости по дате