http://www.ktrk.kg/Жайдын биринчи күнү балдар үчүн жагымдуу майрам

Жайдын биринчи күнү балдар үчүн жагымдуу майрам

1 Июнь 2017 , 15:50 2672

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү болуп, бөбөктөргө өзгөчө көңүл бурулат. Келечек ээлеринин урматына карата Бишкектин чок ортосундагы Эмен багында салтанаттуу иш-чара уюшулду.

Сейил бактын ичинде атайын чатырларда балдар сүрөтчү, кол өнөрчү жада калса робот техниги болууга мүмкүнчүлүк жаралды. Жаш муун өкүлдөрүнө бактылуу балалык, бардык тилектери орундалышын каалап Президенттин Аппаратынын башчысы Сапар Исаков куттуктады.

Жаштар өлкөнүн келечеги, коомдун түркүктөрү болгон болочок ээлери жакшы калыптаныш үчүн жаштайынан жаркын балалык тартуулап, туура тарбия берип, жан дүйнөсүн калыптандырып багыт берүүгө улуулар милдеттүү.


Новости по дате