http://www.ktrk.kg/Алгачкы  таңкы эфирди алып чыккан "Замана" студиясы 22 жашка толду

Алгачкы таңкы эфирди алып чыккан "Замана" студиясы 22 жашка толду

2 Июнь 2017 , 7:56 4913

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Замана" студиясы Кыргызстанда биринчилерден болуп, 1995-жылдын 2-июнунда  таңкы эфирин даярдап, обого алып чыгышкан.

Таңкы эфир, таланттуу журналисттер Олжобай Токтосунов, Динара Кодуранова, Алмаз Абдраев жана Кадыр Кошалиевдердин чыгармачылык изденүүсүндө негизделген.  Эң алгачкы көрсөтүүнү Динара Кодуранова менен Алмаз Абдраев алып барышкан. Ошол күндөн бери аталган студия өз ишмердүүлүгүн улантып, замандын талабына жооп берген, кызыктуу берүүлөрүн даярдап келишет.

«Замана» таңкы программасы алгач 30 мүнөттөн гана күн алыс Чүй өрөөнүнө көрсөтүлүп, анан гана  республиканын бардык аймактарына таркатылган. Бүгүнкү күндө болсо "Замана" студиясынын эмгек жамааты талыкпаган изденүүлөрү, идеялары менен 3 сааттык эфирин даярдап келишет. 

Көрөрмандар жуманын иш күндөрү таңкы саат 7.00-10.00го чейин көптөгөн пайдалуу кеңештерге, маанай көтөргөн сюжеттерге, белгилүү өнөр ээлерин, атагы алыска жайылган спорт чеберлерин, шоу-бизнестин өкүлдөрүн, кино жылдыздарын жана өз кесибинин мыкты ээлеринин маектерине күбө болуп келишет.

 “Замана” студиясын 11 жылдан ашуун убакыт кыргыздын таанымал диктору Тамара Жаманбаева жетектеген. Учурда бул студиянын негизделишине эмгеги чоң Динара Кодуранова продюсер. 




Новости по дате