http://www.ktrk.kg/Сот реформасы ийгиликтүү ишке ашты

Сот реформасы ийгиликтүү ишке ашты

5 Июнь 2017 , 17:52 30103

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президенттин алдындагы сот реформасы боюнча кеңештин кезектеги 12-жыйыны болуп өттү. Ага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышып, акыркы алты жылда сот тармагында орун алган өзгөрүүлөр боюнча кеңири баяндама жасады.

Анын айтымында, буга чейинки эки көтөрүлүштүн, кандуу окуялардын себеби дал ушул сот системасындагы кемчилик жана ыпылас иштер болгон. Ошондуктан өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясы иштелип жатканда сот реформасына өзгөчө көңүл бурулган. 

Ага ылайык кеңеш 12 жолу жыйынга чогулуп, 38 маанилүү мыйзам долбоорлору демилгеленип кеңири талкуулар уюштурулган. Натыйжада 7 кодекс жана бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Ошондой эле акыркы 5 жыл ичинде сот тармагындагы кадрлар 67 пайызга жаңыланып, бөлүнгөн каражаттын көлөмү 4,7 пайызга өскөн. 

Жыйындын соңунда сот реформасын ишке ашырууга зор салым кошкон бир катар эл өкүлдөрү, адистер, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү Даңк медалы, президенттин ардак грамотасы жана алкыш баракчалары менен сыйланышты.


Новости по дате