http://www.ktrk.kg/Жаңы окуу жылына чейин жол коопсуздугун камсыздоо аракеттери көрүлөт

Жаңы окуу жылына чейин жол коопсуздугун камсыздоо аракеттери көрүлөт

5 Июнь 2017 , 16:57 4250

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тиешелүү министрликтер жаңы окуу жылы башталганга чейин жол белгилери орнотулбаган мектептердин айланасын зарыл болгон жол инфраструктурасы менен камсыздайт. Бул жол чырактары, белгилер менен жол сызыктары. Мындай тапшырманы премьер-министри Сооронбай Жээнбеков балдардын жол коопсуздугун камсыздоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча өткөрүлгөн жумушчу кеңешмеде койду. Бул жумуштар баскыч-баскычы менен ишке ашырылат. Учурда жол коопсуздугу коомдогу курч маселенин бири болуп турат, - деди өкмөт башчы. Соңку маалда өспүрүмдөр кабылган жол кырсыктары көп катталган. Ошол эле учурда укук коргоо органдары акыркы коңгуроо күнү мыкты иш алып барганын айткан премьер-министр тиешелүү мекемелер мындан кийин да ыкчам жана ырааттуу иш алып барууну улантышы керек-деди.
Премьер-министрдин тапшырмасы менен үч мекеме комплекстүү иш чараларды алып барууда. Анын жыйынтыгында жүргүнчүлөрдү ташыган ишканаларды 130 жолу, жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды 370 жолу текшерүү болгон. Натыйжада 405 автобус жана кичи автобустар каттамдан чыгарылып, административдик жоопкерчиликке тартылган. Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдарга бул багытта 87 көрсөтмө өткөрүлүп берилген - деди ички иштер министринин орун басары. 

“ИИМ, билим беруу жана илим жана транспорт жана жол министрлиги менен биргеликте жол инфраструктарсын жакшыртуу учун Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек аэропорт Манас, Алматыа Бишкек Ташкент эл аралык маанидеги жолдорду, Бишкектеги Ден Сяопин, Курманжан Датка, Жибек Жолу көчөлөрүндө темир бетон тосмолор орнотулуп жалпысынан 69 км жөө жүргүнчүлөрдүн жолу салынды",- деди ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев.


Новости по дате