http://www.ktrk.kg/Аксы: Итагар, Кара-Үңкүр дарыяларынын денгээли көтөрүлүүдө

Аксы: Итагар, Кара-Үңкүр дарыяларынын денгээли көтөрүлүүдө

6 Июнь 2017 , 5:35 1721

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аксы районунда 5-июнь күнү каттуу жааган жамгырдан Итагар айылындагы Итагар дарыясынын денгээли көтөрүлүп 1 трактор жана 1 УАЗды агызып кетти. Андан тышкары, 3 ички чарбалык көпүрөгө кооптуу абал жаралып, 1 көпүрө жараксыз абалга келген. Ошондой эле, дарыяга жакын жайгашкан 5 турак үйгө коркунуч жаралган. Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде түшүндүрүү жана тактоо иштерин жүргүзүүнүн негизинде, калыбына келтирүү иштери дарыядагы суунун деңгээли азайгандан кийин башталары аныкталган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, катуу жааган жамгырдан Жалал-Абад облусундагы Кара-Үңкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 60 метр келген суу тосмону алып кетип, учурда калыбына келтирүү жумуштары колго алынды

Жээктерди бекемдөөгө министрлик тарабынан керектүү техника тартылып, тосмону калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.



Новости по дате