http://www.ktrk.kg/ЖККУнун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча жыйыны өттү

ЖККУнун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча жыйыны өттү

8 Июнь 2017 , 15:42 6115

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 8-июнда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын XV жыйыны өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Рогозин, Армения Республикасынын коргоо министри Давид Пахчанян, Беларусь Республикасынын мамлекеттик аскер өнөр жайы комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Пантус, Казакстан Республикасынны коргоо министринин орун басары Талгат Жанжуменов, Тажикистан Республикасынын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шавкат Бобозода жана ЖККУ Баш катчысынын орун басары Валерий Семериков катышты.

«Кыргыз Республикасы комплекстүү коргонуу өнөр жайы уюмдары жана ишканалар менен биргеликте кызматташуунун өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирет. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында аскердик маанидеги продукцияларды чыгаруучу биргелешкен ишканаларды түзүү, өнөр жай продукцияларынын көлөмүн көбөйтүү жана экспорттоо менен калкты жумуш менен камсыз кылуу маселелерин чечүүгө жол ачуу болуп саналат», – деп баса белгиледи Жеңиш Разаков.



Новости по дате