http://www.ktrk.kg/Аксы: күйдүргү оорусу таркап кетпеши үчүн чаралар көрүлүүдө

Аксы: күйдүргү оорусу таркап кетпеши үчүн чаралар көрүлүүдө

9 Июнь 2017 , 4:25 2685

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аксы районунда күйдүргү оорусу таркап кетпеши үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жалал-Абад облустук фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекцияга атайын эскертме берилди.

Үстүбүздөгү жылдын 7-июнь күнү Аксы районундагы Авлетим айыл аймагынын Бүркүт тилкесинде Авлетим дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп жээкти жеп, жээкке жакын жайгашкан күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерге жетип калган (катталганы 1984-жылы 27-июну экспертиза №272, паспорт №55, бетондолгон жер 50м2). 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерди коргоо үчүн, жээк бекемдөө иштерин 10-июнуна чейин тез арада аткаруу милдети Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын – жарандык коргонуу башчысына жана Жалал-Абад облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысына атайын эскертме менен милдеттендирилгенин ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. 

Күйдүргү оорусу - кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Ооруну таякчага окшогон микроб козгойт. Ал спора жана капсула түзгөндүктөн айлана-чөйрөнүн терс шарттарына абдан туруктуу келип, 20 - 30 жылдан ашык жашайт. Көбүнчө бодо мал, кой, эчки, чочко, төө жана башка жаныбарлар ооруйт.


Новости по дате