http://www.ktrk.kg/“Таза Коом” долбоору эл аралык колдоого алынды

“Таза Коом” долбоору эл аралык колдоого алынды

12 Июнь 2017 , 6:42 2046

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнө коомчулугу “Таза коом” долбооруна жогору баасын берди. Бишкекте өткөн форумда эл аралык уюмдардын өкүлдөрү аталган программаны кубаттап, аны ишке ашыруу Кыргызстандын жаркын келечегин түптөй турганын билдиришти.

Даражалуу меймандардын, абройлуу уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу форумдун эл аралык макамын арттыргандай. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы, Европа биримдигинин, Дүйнөлүк банктын, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын, айтор бардык эл аралык уюмдар менен каржы мекемелеринин өкүлдөрү айткан пикирлерлерден улам “Таза коом” программасынын келечектүү экенин баамдоого болот. Заманбап технологиялардын жардамы менен коомдуу тазартуу демилгеси президент Алмазбек Атамбаевге таандык. Ресурска таянбай, акыл көрөңгөнү арттырып, билим, эмгек менен бакубат дөөлөткө умтулуу анын негизги принциптеринин бири.

Калктын колдоосусуз долбоорду ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ошол себептен, “Таза коом” программасы элге түшүндүрүлүп жатат. Мындан сырткары долбоорду ишке ашыруу үчүн санариптик экономикадагы өзгөчө орду бар өлкөлөр менен тажрыйба бөлүшүп, эл аралык донорлордун материалдык колдоосу күтүлүүдө. "Таза коомдун" маанисин Дүйнөлүк банк каржы уюмдарынан алгачкылардан болуп баалады.


Новости по дате