http://www.ktrk.kg/Өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйуусуна эмне себеп болууда?

Өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйуусуна эмне себеп болууда?

15 Июнь 2017 , 4:52 1476

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте 13- июнда мектеп окуучусу 9-кабаттан секирип өмүрүн кыйды. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бала эмне үчүн өлүмгө барганынын СМС аркылуу жазып калтырган жана ата- энеси менен коштошкон. Укук коргоо органдары өспүрүмдүн өз жанын кыйуусунун себептерин иликтеп жатышат.  Ошол эле маалда Сузак районунда да 18 жашар жигит жайлоодо асынып өлгөн. Ушуну менен үстүбүздөгү жылдын 4 айынын ичинде суицид боюнча 47 факты катталган. 

Адистердин белгилөөсүндө өспүрүм куракка келүүнүн мезгили эртелеп бара жатат. Жаш балдар үчүн  басынтуу, шылдыңга кабылуу, анын пикири менен эсептешбей коюу психикалык  жактан чоң соккуга алып келет. Ага кошуп үй бүлөлүк  баалуулуктардын жоголуп бара жаткандыгы, ата- энсинин ажырашып кетүүсү, сагынып кусалануу сыяктуу социалдык жагдайдан келип чыккан чыңалууну күчөтөт. 

Кошумчалай кетсек, 2016- жылы 95 суицид катталган. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"

Новости по дате