http://www.ktrk.kg/Мас абалында унаа башкарган милиция кызматкерлери кармалды

Мас абалында унаа башкарган милиция кызматкерлери кармалды

15 Июнь 2017 , 11:01 11543

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы 3 күн ичинде мас абалында унаа башкарган 2 милиция кызматкери кармалды.  Бул тууралуу “Биринчи радиого” ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 1-учур 11-июнда Бишкекте катталса, 13-июнда Ошто формачан күч органынын кызматкери мас абалында унаа башкарып бара жатып, милициянын атайын кызматы тарабынан кармалды. Бул фактылар боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Буга чейин да бир нече жолу ИИМдин кызматкерлери спирт ичимдигин ичип колго түшкөн,

Атүгүл жол кырсыгына да кабылган учурлар бар. Дүйнөлүк статистикага таянсак, мас абалында унаа айдагандардын кесепетинен, жол кырсыгына кабылгандардын саны өсүүдө. Бул көрүнүш биздин өлкөгө дагы тийиш. Статистикага таянсак  2016-жылы 1033 автокырсык катталса, 2017-жылдын биринчи кварталында эле 1169 жол кырсыгы болгону белгилүү. Жол эрежелерин эң көп бузган 5 себептеринин бирине спирт ичимдик ичип алып айдагандар кирет.  Белгилей кетсек, 238-берене 2014-жылы спирт ичимдигин ичип алып айдагандарга карата айып пул көтөрүлгөн. Бүгүнкү күнү 10 миң сомго барабар жана укук бузуучу 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн айрылат. Эгерде анын кесепетинен автокырсык жаралса, анда күбөлүк 3 жылга алынат.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате