http://www.ktrk.kg/Кооптуу аймактарда жашагандар мажбурлап болсо да көчүрүлөт

Кооптуу аймактарда жашагандар мажбурлап болсо да көчүрүлөт

20 Июнь 2017 , 11:35 8946

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун жер көчкүдөн жабыркаган тургундарын таза суу жана электр жарыгы менен камсыз кылуу ишин тийешелүү мекемелерге тапшырды. Жаратылыш кырсыктарын жоюга арналган кеңешмеде жабыр тарткандарга баардык шарттарды түзүү зарылчылыгы белгиленди. 

Учурда аталган аймактарга курулуш материалдары жеткирилүүдө. Үй-жайсыз калгандарды жайгаштыруу иштери уланып жатат. Мамлекеттик банктар пайыздык үстөгү жок жана күрөөсүз насыя сунуштоодо. Өзгөн районунда турак-жайларынан айрылгандардын үй куруусу үчүн 220 гектар аянт жер трансформацияланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министри кооптуу аймактарда жашагандардын айрымдары көчүүдөн баш тартып жатканын айтып, аларга карата катаал чара колдонуу керектигин белгиледи.

“Жалпы өлкө боюнча 3 213 үй-бүлөө кооптуу тилкелерде жашайт. Алардын 1700дөйү коопсуз жерлерге көчүрүлдү. 475 үй-бүлө көчүүдөн баш тартып жатат. Миңдей үй-бүлөө мамлекеттен акча алып, бирок орун которушкан жок. Аюу айылынын тургундары жер көчкү болбойт деген үмүт менен дагы бир жолу изилдөө иштерин жүргүзүп берүүнү өтүнүп жатышат. Бирок биз изилдөөсүз эле ал жерде жашоого мүмкүн эмес экенин билип турабыз. Бирок, алар ишениш үчүн дагы бир ирет текшерүү жүргүзөбүз”,- деди Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.

“Силер ал жерлерге канча жолу барып, элди көчүүгө үндөп, көндүрдүңөр. Бирок, алар макул болушкан жок. Губернатор да, аким, айыл өкмөтү өзгөчө кырдаалда жооп бербейт. Бардыгы мыйзам чегинде болот. Мажбурлап көчүрүшүбүз мүмкүн”,- деп билдирди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюуга арналган жыйында Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду залдан чыгып кетүүсүн буйруду. Анткени, Абдыкаров жасалган иштер боюнча отчет берип жатып өкмөт башчынын суроолоруна жооп бере алган эмес.

Новости по дате