http://www.ktrk.kg/Юридикалык кесипке байланышкан маселелерди талкуулаган тегерек стол өттү

Юридикалык кесипке байланышкан маселелерди талкуулаган тегерек стол өттү

24 Июнь 2017 , 9:49 30429

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте юридикалык кесипке байланышкан маселелерди талкуулаган тегерек стол өттү. Анда, укук жаатындагы мүчүлүштүктөр айтылып, сот системасы жана адвокаттык статусту алуудагы көйгөйлөр тууралуу сөз козголду. 

Жыйынга, судьялар, соттордун аппарат кызматкерлери, юристтер, жактоочулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана окумуштуулар катышкан. Юристтер күнүн утурлай уюштурулган иш-чараны «Кыргызстан юристтеринин ассоциациясы» коомдук бирикмеси демилгелеген. 

Жыйынтыгында, эл аралык ишкерлер кеңеши, ЖИА ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын адвокатурасы менен кызматташтык меморандумуна кол коюшууга жетишилди. Ошондой эле, юриспруденция тармагында чоң салым кошкон юристтерге атайын сыйлыктар тапшырылды.


Новости по дате