http://www.ktrk.kg/Баткен: шахта ичинде иштеп жатып, куткаруучу каза болду

Баткен: шахта ичинде иштеп жатып, куткаруучу каза болду

27 Июнь 2017 , 7:45 2111

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткендеги шахтанын ичинде иштеп жатып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 жаштагы куткаруучусу газга ууланып каза болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кырсык 26-июнда Самаркандек айыл аймагындагы шахтанын ичинде тосмо орнотуп жаткан учурда болгон. 

Ал эми, дагы бир куткаруучу  облустук ооруканага жаткырылган. Буга чейин 2017-жылдын 5-июнунда ушул эле шахтада өрт чыгып, куткаруучулар өрттү өчүрүп, тосмо орнотуп беришкен.




Новости по дате