http://www.ktrk.kg/Оторбаев: укук коргоо органдарына нааразы болгондор арбын

Оторбаев: укук коргоо органдарына нааразы болгондор арбын

27 Июнь 2017 , 8:56 26872

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын 70% укук коргоо органдары тийиштүү милдеттери толук кандуу аткарган жок деген арыз менен кайрылгандар.   Бул тууралу  бүгүн Жогорку Кеңештин тийиштуу комитетинин жыйынын учурунда «Биринчи радионунун» кабарчысына өлкөнүн акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирди. Парламенттин  тийиштүү комитети «2016-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын   баяндамасы тууралуу   докладды укмак. 

Бул баяндама  9 бөлүктөн турат,  анын ичинен   маанилүүлөрүнүн  бири  жарандарга карата укук коргооо органдары  тарабынан жасалган кыйноолор.

Айта кетчү нерсе, 26 июнда дүйнө жүзүндө кыйноолорго  каршы  эл аралык күнү белгиленди. Бул дата БУУ тарабынан 1997-жылы жарыяланган.

Салтанат Калдыбаева, "Биринчи радио" 


Новости по дате