http://www.ktrk.kg/Санариптик телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери августта аяктайт

Санариптик телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери августта аяктайт

30 Июнь 2017 , 7:53 2295

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Август айында Кыргызстан аймагында жалпы 211 санариптик телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери аяктайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди. 

Учурда радио байланыш жетпеген 326 айыл аймагы бар болсо, бул ретрансляторлор 227 айылдык аймактын элин санариптик телерадиоберүү менен камсыз кылат. 

«Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 67 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлор орнотулду. 2017-жылдын августунда бардык 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери аягына чыгат. Калган 99 айылдын калкы санариптик телерадиоберүүнү спутник аркылуу көрө алышат», - деди Шаршембиев. 

Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тийиштүү мамлекеттик мекемелерге, Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасындагы тапшырмалар менен максаттарды өз убагында аткарууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Новости по дате