http://www.ktrk.kg/Баш прокурордун Нарын Айып боюнча доо арызы канааттандырылды

Баш прокурордун Нарын Айып боюнча доо арызы канааттандырылды

3 Июль 2017 , 9:04 25959

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин Октябрь райондук соту башкы прокурор Индира Жолдубаеванын Zanoza.kg сайтынын журналисти Нарын Айып боюнча дагы бир доо арызын толук канааттандырды. Тактап айтканда Нарын Айыптын быйыл 1-мартта Zanoza.kg сайтына жарыялаган эки макаласы боюнча иш каралды. 

Башкы прокурор, макалада Атамбаевдин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирилген деген негизде сотко кайрылган. Сот муну жүйөлүү деп таап, журналисттен 3 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарды. 

Эскерте кетсек, 30-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Zanoza.kg сайты жана журналист Нарын Айып, экс-депутат Чолпон Жакуповага байланыштуу доо арызын толук канааттандырган. Сот аталган жарандар жана маалымат каражаты президенттин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирди деп таап, алардын ар биринен 3 миллион сомдон доо өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Доого жыгылган тарап буга макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын билдирди.


Новости по дате